Ысык-Көл облусунда "жарандык никедеги күйөөсүн өлтүргөн" деп шектелген аял кармалды

Ысык-Көл облусунда "жарандык никедеги күйөөсүн өлтүргөн" деп шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 3-январь күнү саат 13:27 чамасында Тоң РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Бөкөнбаев айылындагы өз үйүнөн 51 жаштагы И.Анын жансыз денеси табылганы айтылган. Сөөктү кароо учурунда маркумдун төшүнө, акырегине жана бутуна учтуу нерсе сайылганы белгилүү болгон. Бул боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн.

17-январь күнү бул кылмышка шектүү катары маркумдун жарандык никедеги аялы 46 жаштагы Ч.Р. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылган ишин мойнуна алды.

Шектүүнүн айтымында, буга чейин каза болгон И.А. менен кызганычтан улам уруш-талаш болуп келген. Ошол күнү маркум мас абалда келип, үйдө уруш чыккан. Ага ачууланган Ч.Р. консерва ачып жаткан колундагы бычагы менен бир нече жолу сайып салган. Андан соң из жашырып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Mekush87
2017-01-18 17:05:36
Кудай сакта,койнунда жаткан куйоосун олтуруп XXX катын экен.Жаман болсо да балдарынын атасы да,кантип колу барды.Ушундай окуялар коп болуп кетти.Жаш балдарды да зордукташып.Мындай кылмыштарга барган жараандарга катуу жазанын кереги жок,олум жазасын бериш керек.Окунучтуу бизде андай жок.
+1
admin_portal
2017-01-18 17:08:32
Mekush87, этика нормаларын сактаңыз!
0
zidanjon1
2017-01-18 17:32:42
Как же жал у нас в Кыргызстан люди стали как злой хищник мужа убил зафтро убет свой дети
-5
Bishkek.001
2017-01-18 22:52:37
zidanjon1,орусча колундан келбесе.кыргызча эле жазчы
0
erkeleim
2017-01-18 17:41:58
тообо тообо ыймандуу элим кайда баратабыз акыл токтотуп ичкиликтен алыс болсо экен. аял эне аял бакыт эле илгери эми аял жырткыч аял канкор боло баштаганбы.сабырдуу болунуздар энелер
0
MAN-CITY
2017-01-18 20:25:46
Кечее еле куйоосу аялын олтурду деп жазып чыгышты еле жанылыктардан, бугун аялы куйоосун олтурду деген жанылык. Ушунчалык мыкаачы болуп баратабызбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан