Футболчу Хаби Алонсо профессионалдык карьерасын жыйынтыктайт

"Бавария" футболдук клубунун жарым коргоочусу, испаниялык футболчу Хаби Алонсо профессионалдык карьерасын жыйынтыктайт. Бул тууралуу футболчунун клуб жетекчилигине айтканын германиялык басылмалар кабарлайт.

35 жаштагы футболчу 18 жылдан бери жогорку деңгээлде оюн көрсөтүп келет. Ал алгач "Реал Сосьедад" клубунда ойноп, кийин англиялык "Ливерпуль" менен келишим түзгөн. Мадриддик "Реалдын" курамында оюн көрсөткөн соң "Бавариядан" чакыруу алган.

Ал Испаниянын курамында Дүйнө чемпиону аталып, 2 ирет Европа чемпиондугун уткан. Клубдук карьерасында 2 ирет Чемпиондор Лигасын утуп, Испания жана Германиянын чемпиону аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан