Америкалык киноактёр, "Жан сакчы" тасмасындагы ролу менен белгилүү болгон Кевин Костнер 62 жашка толду. Ал 1955-жылы 18-январда АКШнын Калифорния штатындагы Линвуд шаарында туулган. Кевин Костнер актёр гана эмес, продюсер, режиссёр жана музыкант дагы. Ал эки жолку "Алтын глобус" (1991, 2013), "Эмми" (2012) сыйлыктарынын ээси. 1991-жылы "Мыкты тасма" жана "Мыкты режиссёрлук иш" номинациялары боюнча эки "Оскарга" ээ болгон.
Актёр "Кол тийбестер" (1987), "Карышкыр менен бийлеген адам" (1990), "Робин Гуд: Уурулардын принциби" (1991), "Суудагы жашоо" (1995), "Почточу" (1997), "Куткаруучу" (2006), "Укмуштар талаасы: Локаут" (2011), "Кылмышкер" (2016) жана башка бир нече фильмдерде роль жараткан.
18-январга карата жылнаама.