Майлуу-Суу шаарында 69 жаштагы аялдын жансыз денеси таанышынын короосунан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1948-жылы туулган Тамара Гузова бир айдан бери дайынсыз делип изделип жаткан. 17-январь күнү анын жансыз денеси 1967-жылы туулган Ю.Казаковдун үйүнүн артынан жерге көмүлгөн абалда табылган.
"Бизге катталгандан кийин маркумду издөө иши жанданып, оперативдик маалыматтар келип түштү. Маалыматтын негизинде кылмышка шектүүнүн үйүнүн аркасындагы бөтөлкөлөрдөн күмөн болгон. Анткени ажаткана тараптагы бөтөлкө үйдүн артына ташылып калган. Үйүлгөн бөтөлкөлөрдү алган учурда жердин казылганы байкалды. Аялдын сөөгү болжолдуу түрдө 70 сантиметр тереңдикте көмүлгөн. Кылмышты жашыруу үчүн бөтөлкөлөр менен жабылган. Аялдын сөөгү бир айдай жатып калган. Үй ээси өлүктү тапкандан кийин гана Тамара менен тааныштык жагдайы бар экенин, сөз талашуудан улам чыр чыкканын айтып берди. Маркумду тапканга чейин да үй ээси анын дайынсыз жоголуусуна тиешеси жок экенин билдирип жаткан", - дейт Майлуу-Суу ШИИБинин башчысы Рустамбек Жумабаев.
Учурда "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.