Эртең, 27-апрелде
баш калаада жеңил
атлетикалык чуркоолор өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз
кызматы билдирет. Иш-чарага жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, райондук администрациялардын
кызматкерлери жана Октябрь районундагы мектептердин мугалимдери катышат. Мелдештин
ачылышы саат 10:00дө шаардагы Түштүк магистралда өткөрүлөт. Чуркоо
Байтик баатыр көчөсүнөн башталып Тынчтык көчөсүнөн аяктайт. Жеңүүчүлөргө
райондук администрациялардын баалуу сыйлыктары тапшырылат.