Чүй облусунун Панфилов районунда бир адам түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык аталган райондун Вознесеновка айылында болгон.
“Окуя тууралуу 18-январдан 19-январга караган түнү аймактык милиция кызматкери Токтобеков билдирген. Ал Вознесеновка айылынын 1-Май көчөсүндөгү №31-турак үйдө П.В. (туулган жылы белгисиз) түтүнгө ууланып каза болгонун жана Панфилов райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына алып кетишкенин айткан”, - деп билдиришти ӨКМдан.