Эл аралык Футбол федерациясынын (ФИФА) техникалык директору Марко ван Бастен футболдогу айрым эрежелерди өзгөртүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу британиялык басылмалар кабарлайт.
Маалыматка ылайык, футбол адиси сары айып кагазын көрсөтүп жазалоонун ордуна баскетболдогудай кылып, 5 ирет эреже бузган оюнчуну автоматтык түрдө майдандан четтетүүнү сунуш кылды. Футболчу белгилүү убакытка майдандан убактылуу четтетилет. Ошондой эле ал офсайд системин дагы өзгөртүүнү каалайт.
Голландиялык адис пенальтинин ордуна буллит системин колдонууну карап чыгууну сунуштайт. Ал жеңүүчүнү 11 метрлик айып соккусунан аныктоонун ордуна футболчуларга топ берип, 25 метр аралыктан дарбазаны көздөй чуркатууну туура деп эсептейт. Дарбазачы менен жекеме-жеке чыккан оюнчу 8 секунданын ичинде топту дарбазага багытташы керек.