Кыргыз жерине Болливуддан ондой белгилүү продюсер жана режиссёрлордун келери күтүлүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG`ге режиссер Сүйүн Откеев билдирди.
"Кийинки жумада Кыргыз жерине Болливуддан ондой белгилүү продюсер, режиссёрлор келишет. Алар 24-январдан 29-январга чейин болушуп, Кыргыз жеринин кооз жаратылышы менен таанышат. Учурда аларга кыргыз элинин меймандостугун көрсөтүү, кайсы жерлерге алып баруу боюнча программа түзүлүп жатат", - дейт режиссёр.