Индияда оор жүк ташуучу унаа менен автобус сүзүшүп, 18 мектеп окуучусу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн эртең менен Индиянын Уттар-Прадеш штатында болгон. Анда окуучуларды мектепке алып бара жаткан автобус картошка жүктөлгөн унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен кеминде 18 окуучу каза болуп, 40ка жакыны жабыркаган.
Алдын ала маалымат боюнча, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу ылдамдыгын жогорулатып, жыйынтыгында рулду башкара албай калган.