Ушул күндөрү Орусиянын Сочи шаарында "КиВиН-2017" 28-Эл аралык фестивалы кызуу өтүп жатат. Анда КВНдин Жогорку Лигасында чемпион аталган "Азия МIX" командасы конок катары оюн көрсөтсө, "Позитифф" командасынын жигиттери фестивалдын экинчи туруна өтүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган команданын оюнчусу Актан Рыскелдиев билдирди.
"Биринчи жолу келгендиктен тажрыйба жетишсиз болуп, 2-турга өтө алган жокпуз. Кыргыз жеринде кыйын болгонубуз менен, бул жерде колубуздан келгени ушул болду. Ошентсе да жогорку көрсөткүчкө ээ болгон командалардын арасында болдук", - дейт А.Рыскелдиев.
"Тамашоучу" фестиваль ал үчүн жакшы тажрыйба болгонун айтат: "Жеке мен үчүн аябай жакшы тажрыйба болду. Мен КВНде карьераны жыйынтыктайын деп келдим эле, эми, тескерисинче, дагы ойногум келип калды".
Белгилей кетсек, фестивалда 1, 2 же 3-орун, баш байге деген жок. Анда 600дөн ашык команданы 10дон ашык редакторлор Жогорку, Премьер, Биринчи Лигаларына тандашат. Фестивалга катышкан 640 команданын ичинде Орусия, Армения, Улуу Британия, Германия, Беларусь, Грузия, Эстония, Казакстан, Тажикстан, Украина, Абхазия сыяктуу бир топ мамлекеттер жана Кыргыз Республикасынан барган оюнчулар бар. "КиВиН-2017" 28-Эл аралык фестивалы 23-январга чейин уланат.