Бишкекте Түркиянын жаранынан "Кыргыз паспортун алып берем" деп 1500 доллар алып, из жашырып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 1971-жылы туулган Ким Дмитрий Анатольевич кармалган. Ал өзүн "Ак-Азат" фирмасынын директору катары тааныштырып, 2016-жылдын май айында Х.А. аттуу Түркиянын жаранынан Кыргыз Республикасынын паспортун алып берүү үчүн 1500 доллар алып, кийин дайынсыз болуп кеткен. Кылмышка шектүү ушундай эле алдамчылык жол менен дагы бир жарандан 1800 доллар алган.
Ал эми 1980-жылы туулган Түркиянын жараны Ч.Иден 1500 доллар алып, ага Бишкекте туруктуу жашоо үчүн тиешелүү документтерди каттап берерин айткан. Бирок ал берген убадасын аткарган эмес.
Учурда Ким Дмитрий Анатольевич тергөө абагына киргизилди. Эгер андан жабыркагандар болсо, 0557 77-01-77, 0553 68-33-53 жана 0772 57-76-76 телефон номурларына кабарлаңыздар.