Жумгал районунда "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалы тонолду. Бул тууралуу маалыматты Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя 19-январга караган түнү болгон. Анда белгисиз адамдар "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Жумгал районундагы филиалына киришип, кароолчуну ур-токмокко алышкан. Андан соң сейфтин ичиндеги ири суммадагы акчаны алып кетишкен. Учурда кароолчу суракка алынып, ыкчам издөө иштери жүрүүдө.