ЖЫЛНААМА, 19-ЯНВАРЬ: Ырчы Жийдеш Идирисова 32 жашка толду

Бүгүн, 19-январда ырчы Жийдеш Идирисова 32 жашка толду. Ырчыга байланышканыбызда жумуштар менен алек болуп жатканын айтты.

"Музыкалык билим берген мектеп ачалы деп жатам. Учурда ошол иштерим менен алекмин. Өздүк майрамыма карата куттуктоолор көп болууда. Биринчилерден болуп жолдошум, апам куттуктады. Туулган күнүмдү досторум, үй-бүлөм менен кечинде өткөрөйүн деп жатам", - деди ал.

Ырчы 1985-жылы 19-январда Нарын шаарында туулган. "Эдем алмасы" аттуу тасманын саундтрегин аткарып, эл оозуна алынган. "Артек" музыкалык тобунда 6 жылдан ашык иштеп, андан соң "Сен" деген ыры менен жеке карьерасын баштаган. 2015-жылдын 19-декабрында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "Turkvizyon-2015" Эл аралык сынагынын гранд-финалында мамлекетибиздин атынан чыккан ырчы "Ким билет?" аттуу ырды аткарып, 1-орунду ээлеген.

Эскерте кетсек, Ж.Идирисова 2016-жылдын декабрь айында өткөн SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракесине байланыштуу "Супер концертте" ырчылар менен бирге "Super.kg'ге арноо ырын" аткарган.

19-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
arzygulR
2017-01-19 15:46:00
Ооо мен жаш эле кыз деп ойлогом
+1
Mekush87
2017-01-19 15:54:00
Менин жердешим.Мыкты ырдайт.Нарында Чкалова атындагы орто мектепти аякаган.Окуп жургондо эле коп сынактарга катышчу.
+2
nur_zhoni
2017-01-19 17:13:48
Тулган кунунуз менен ийгилик чыгармачылыка
0
baltabaev
2017-01-20 00:12:00
Менин суйуктуу ырчы эжем,туулган кунунуз менен,сизди суйом эжем катары))
0
farida.kg.1991
2017-01-20 09:55:22
куттуктаймын
0
Ryskulova
2017-01-20 21:58:10
Куттуктайм , апам айтмакчы запчасы толтура (шуру-мончок)
0
asemanur
2017-01-22 23:37:40
был ушул конскурс болдубу бизден ким барды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан