Жактоочу: "Жеке ишкер Бахтияр Закировдун өлүмү боюнча милиция аракетсиздигин көрсөтүп жатат"

Жеке ишкер Бахтияр Закировдун өлүмү боюнча милиция аракетсиздигин көрсөтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда маалымат жыйынында жактоочу Людмила Сабельникова билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылы 19-ноябрга караган түнү Бишкек шаарынын четиндеги “Панорама” эс алуу аймагынан ишкер Бахтияр Закировдун жансыз денеси табылган. Укук коргоо органынын кызматкерлери Закировдун өлүмүн туугандарына күтүүсүз кырсык катары түшүндүрүшкөн. Ошондой эле ал жерге кыз менен барып, алкоголдук ичимдик ичип, тоодон кулаганын билдирген.

Жактоочунун айтымында, Закировдун сөөгү жерге берилгенден кийин туугандары үйүнүн короосунан анын тишин таап алышкан.

“Закировдун үйүндө видеобайкоо орнотулган экен. Ал жактан карашса, 18-ноябрь күнү маркум саат 21:00дө үйүнө келген. Ал короого унаасы менен киргенде, анын артынан эки адам кошо кирген. Видеодо мурда Свердлов РИИБинин кызматкери болуп эмгектенген Максат Балбаев бар экен. Ал 2016-жылы август айында “киши өлтүрүү” беренеси менен 17 жылга соттолду. Биздин айталы дегенибиз, аны Бахтиярдын аялы Роза Закирова жалдаган. Анткени кийин видеодон көрсөк, 19-ноябрга караган түнү саат 3:00дө Розанын эки эркек менен чыгып келе жатканы бар экен. Видео бизде сакталып турат. Укук коргоо органынын кызматкерлерине кайрылсак жооп жок. ИИМ бул иш боюнча аракетсиздигин көрсөтүп жатат”, - деди ал.

Ал эми Закировдун бир тууган эжесинин билдиргенине караганда, маркумдун аялы анын мүлктөрүнө мураскер болгусу келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nazikbaigazy
2017-01-19 15:04:11
Ой тооба байлык акча эмнеге гана алып барбайт ээ, аялы ХХХ сенда бир кун олосун ээрине окшоп,жаткан жерине туйуп кетпейсин
+1
admin_portal
2017-01-19 15:11:18
Nazikbaigazy, этика нормаларын сактаңыз!
0
gulia90
2017-01-19 15:28:58
Койнунда жатып билинбейт, аялдан откон душман жок болуптур да бул жагы.
+3
Adazama
2017-01-19 15:50:08
Аман эле бололу. Балким башка варианттары бардыр, ишти карабаганына караганда
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан