Бүгүн, 19-январда ырчы Бегимай Карабаева 29 жашка толду. Чыгармачылыктан бир аз алыстай түшкөн ырчыга телефон чалып абалын сурап, өздүк майрамы менен куттуктадык. Ал SUPER.KG порталынын эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдирип, учурда Баткенде экенин айтты.
"Негизи, туулган күнгө, Жаңы жыл майрамына көп деле маани бербейм. Жыл сайын бир туугандардан кимибиздин туулган күнүбүз болсо, апама ыраазычылыгыбызды билдирип, белектерибизди тартуулайбыз. Белек алганга караганда бергенди жакшы көрөм. Бүгүн апам мага Ош шаарынан батир белек кылды. Үй тууралуу көптөн бери кыялданып жүргөн элем. Өздүк майрамымды классташтарым менен бирге башка күнү белгилейбиз", - деди ал.
Ошондой эле жакында жаңы ырларды жаздырып, клип тартып, күйөрмандарына тартуулайын деп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, ырчы 1988-жылы 19-январда Баткен шаарында жарык дүйнөгө келген. 2004-жылы Баткендеги В.И.Ленин атындагы орто мектепти бүтүрүп, Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. "Баёо сезим", "Жалгыздык", "Адашпайм" деген ырлары менен эл оозуна алынган.
19-январга карата жылнаама.