Жалал-Абад шаарында жеке ишкерди белгисиз адамдар башка атып кетишти

Жалал-Абад шаарында жеке ишкерди белгисиз адамдар башка атып кетишти. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 18-январь күнү саат 17:00 чамасында Жалал-Абад шаарында болгон. Анда белгисиз адамдар 1954-жылы туулган тургундун унаасын кысып токтотушуп, айдоочуну тапанча менен башка атып, из жашырып кетишкен. Учурда "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүрүүдө.

Жабырлануучу Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда абалы оор бойдон калууда. Анын ишкердик менен алектенип жүргөнү жана Жалал-Абад шаарындагы "Таж-Махал" кафесинин ээси экени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
asil-08
2017-01-19 16:47:16
Тобаа азыр адам олтуруш ушунчалык оной болуп калдыбы акенин жаткан жери жайлуу болсун Оомин
-14
tynara81
2017-01-19 16:50:40
asil-08,каза болбоптур. Айыгып кетсин, жараткан шыпаасын берип
+16
Gulim_zamujem
2017-01-19 16:51:45
asil-08,олтуруп салдынго?!
+3
meni_kut
2017-01-19 17:11:10
asil-08,биринчи толук шашпай окусан
+4
aziz.k
2017-01-19 18:11:04
meni_kut,шашылыш окшойот чамалап эле жазыптыр го
+5
molniya77
2017-01-19 17:23:07
asil-08,акең типтүү азыр
+4
Kg.arts.
2017-01-19 23:25:36
asil-08,Адам олтуруш сага дагы оной эле экен го, Тируу одамды олтурмок тугул комуп койду.
+3
Ayida
2017-01-19 16:52:47
Адамдар кызык элебиз угуп укпай коруп корбой жаза беребиз.Каза болуптур деген жокго тообо
+7
ady-88
2017-01-19 16:57:08
Бандитерго дейм. Доляны общака берген эмес болуш керек. Же дагы бирдемеси бар. Саке кооп калып адам карабай калганда каякта жургогунду кимдин суусун ичип жатасын деши да мумкун.
+4
asil-08
2017-01-19 17:09:01
Аа кудай сактай кор анда айыгып кетсин
+3
kinsion
2017-01-19 17:12:33
ваабще жездь,бут эле кирминал,жашы да каарысыда.Ким окууйт?ким иштейт,ким курат?ким ушунун баарын кой дейт?,
+2
Kumarchik
2017-01-19 17:22:16
Кинодогудай атып кетиптирго
0
kanyshai_2011
2017-01-19 17:27:03
тооба кылдым .не деген заман болуп калды.тушунбойсун
0
Kumarchik
2017-01-19 17:27:27
кудай сактасын сакайып кетсин ким болсода
0
aktivist0707
2017-01-19 22:47:40
Аллах озу шыпаасын берсин аткандарды Аллах озу жазаласын
0
KyrgyzstanOsh001
2017-01-23 07:59:24
Долясын бербей койгонгоо... Ушундай кылып бироонун тапкан акчасын зордук менен коркутуп алып, арам акча жеп жургондордон кандай муун таралат эми. Оз мээнети менен акча тапса да болот. Все равно пешенеге жазылгандан коп да аз да таппайсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан