Ирандын борбору Тегеранда 15 кабаттуу имараттан өрт чыгып, толугу менен урап калды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, аталган имаратта өрт бүгүн эртең менен башталган. Ошол замат ичиндеги адамдар сыртка чыгарылып, 20дан ашык адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Акыркы маалыматтар боюнча кырсыктан ар түрдүү жаракат алгандардын саны 70ке жетти. Өрт өчүрүлүп жаткан учурда белгисиз себептерден улам имарат толугу менен урап калган. Мунун кесепетинен каза болгондор бар, алардын саны 30га жакын. Көпчүлүгү өрт өчүрүүчүлөр экени маалым болду. Учурда куткаруу иштери жүрүүдө.
Айта кетсек, 17 кабаттуу имаратта соода борбору жана кийим тигүүчү цехтер жайгашкан. Кырсык болгон аймакта Ирандагы Орусия, Түркия, Улуу Британия жана Германиянын элчиликтери жайгашкан.