Ичине героин жутуп, Орусияга алып өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны 8 жылга соттолду. Бул тууралуу Томск облустук прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди Томск шаарынын Киров райондук соту чыгарган. Ага ылайык, 27 жаштагы Кыргыз жараны ири өлчөмдөгү маңзатын аткезчилик жол менен сатууга күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыраткан. Бул чечимди Томск облустук соту да өзгөртүүсүз калтырган.
Айта кетсек, 2015-жылдын ноябрь айында Бишкек-Томск аба каттамы боюнча барган Кыргыз жараны кармалып, текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында ичине атайын бөлүк-бөлүк болуп таңгакталган 500 граммга жакын героин жутуп алганы белгилүү болгон.