Орусиянын Эл артисти, орус эстрадасынын кадырман ырчыларынын бири Ирина Аллегрова 65 жашка толду. Ал 1952-жылы 20-январда Орусиянын Ростов-на-Дону аймагында чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө туулган. Ирина Аллегрованын ырчылык карьерасы 1975-жылдары башталып, "Саякатчым менин" ("Странник мой"), "Императрица", "Бүтпөгөн сүйүү" ("Незаконченный роман"), "Туулган күнүң менен!" ("С днём рождения!") сыяктуу хит ырлары менен атактуулукка жеткен. "Орус сахнасынын императрицасы" деген ардактуу наамды алып жүрөт.
Биринчи жолдошу баскетболчу Георгий Таиров экөөнүн ортосунда Лала аттуу кызы бар. И.Аллегрова "Шайыр балдар" ансамблинин көркөм жетекчиси Владимир Блехер, продюсер, музыкант Владимир Дубовицкий жана бийчи Игорь Капуста менен баш кошуп, ажырашкан. Учурда кызы жана небереси менен жашайт.
20-январга карата жылнаама.