ЖЫЛНААМА, 20-ЯНВАРЬ: 33 жыл мурун "Тарзандын" образын жараткан актёр, атактуу америкалык суучул Жонни Вайсмюллер көз жумган

Мындан 33 жыл мурун, 1984-жылы 20-январда дүйнөдө биринчи болуп 100 метрлик аралыкты 1 мүнөткө жетпеген убакытта сүзүп өткөн америкалык суучул, Олимпиаданын 5 жолку чемпиону Жонни Вайсмюллер жүрөк оорусунан улам көз жумган. Ал 1904-жылы 2-июнда Австро-Венгриянын Темешвар шаарында төрөлгөн.

1924-жылы Парижде өткөн Олимпиада оюндарында 3 алтын жана 1 коло, 1928-жылы Амстердам шаарында өткөрүлгөн Олимпиада оюндарында 2 алтын медаль жеңип алган. 1922-жылы 9-июлда суучул 58,6 секундада 100 метр аралыкты сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд койгон. АКШнын 52 жолку чемпиону аталып, жалпысынан 67 дүйнөлүк рекорд койгон.

Ж.Вайсмюллер актёр катары дагы белгилүү. 1932-жылы Тарзан жөнүндөгү китептин автору Эдгард Берроуз суучулду жактырып, "Тарзан, адам-маймыл" тасмасына тартылууну сунуштаган. Бул тасмада башкы ролду жараткан соң Вайсмюллер чыныгы атак-даңкка жетишкен.

Суучул жана актёр 5 жолу үй-бүлө курган. Ырчы Бобби Арнст (1931-1933), актриса Лупе Велес (1933-1939), Берил Скотт (1939-1948), Аллен Гейтс (1948-1962) жана Мария Бауман (1963-1984) менен баш кошкон. Үчүнчү жубайы Берил Скотт экөөнүн ортосунда 2 кыз жана 1 уул төрөлгөн.

20-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан