Бүгүн, 20-январда белгилүү ырчы Аскат Мусабеков 32 жашка толду. Аны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыктык. Ырчы SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, бүгүн атасынын дагы өздүк майрамы экенин айтты.
"Бүгүн атам 60 жашка толду. Туулган күнүмдү досторум менен белгилейм, азыр ошого даярдык көрүп жатам. Белек алганды аябай жакшы көрөм. Ал эми мен үчүн жагымдуу белек - чын жүрөктөн айтылган каалоо-тилектер", - деди.
Салттуу музыкага басым жасап, комуздун коштоосунда ырдап келген ырчы 1985-жылы 20-январда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 5 бир туугандын ортончусу. Эскерте кетсек, Аскат Мусабековдун аткаруусундагы "Аруузатым" чыгармасы "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2011-жылдын супер ыры" деп табылган.
20-январга карата жылнаама.