ЖЫЛНААМА, 20-ЯНВАРЬ: Ырчы, актриса Гүлнур Асанова 29 жаш курагын туугандары менен белгилеп жатат

Бүгүн, 20-январда ырчы, актриса Гүлнур Асанова 29 жашка толду. Аны өздүк майрамы менен куттуктап чалсак, үйүндө коноктор бар экенин айтып, туулган күнүн туугандары менен белгилеп жатканын билдирди.

"Жыл сайын туулган күнүмдө апам эң биринчи болуп 00:00дү күтүп отуруп куттуктайт. Бүгүн туугандарымды үйгө чакырганбыз, жүрөктөн чыккан каалоо-тилектерди угуп, белектерди алып жатам. Өздүк майрамымды эртең дагы улантып, кесиптеш, досторум менен бирге белгилейм", - деди ал.

Г.Асанова 1988-жылы 20-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарында төрөлгөн. "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2011-жылдын супер дебюту" наамынын ээси. Комуздун коштоосунда ырдап, дастан айтуудан сырткары "Туңгуюк", "Мезгил жана Алыкул", "Эгиздер тагдыры", "Кылмыш" жана башка тасмаларда роль жараткан.

20-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
1.asel.
2017-01-20 16:31:45
Замуж пора.
0
admin_portal
2017-01-20 17:12:40
Nurkyz1977, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
ksb
2017-01-20 17:34:35
Эми күйөөгө тийип ал эми)))
-1
Ryskulova
2017-01-20 21:55:18
Сонун кыз, туулган кун кут болсун
+1
Kroxa
2017-01-21 11:06:46
29 жашта болсо кечигип баратасын го негизи 25ке чейин убагы,,мейли эми деле багын ачылсын дейли,туулан кунун кут болсун сулуу кыз..ак кыздын агынан эмес кара кыздын багынан...дечу беле???
0
dinar.meilibaeva
2017-01-21 15:54:18
ушул кызды аябай жакшы кором!! туулган кунунуз куттуу болсун омурунуз узуун болсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан