Ырчы Нэна ар бир чыгармасы аркылуу аялзаты жүрөгүнүн түпкүрүнө терең каткан назик сезимдер тууралуу ырдаарын айтат. Ал эми "Унчукпадың" аттуу чыгармасынын клиби тууралуу ырчы буларга токтолду:
"Унчукпадың" ырынын сөзүн Түмөнбай Байзаков жазган, обону Съездбек Искеналиевге таандык. Бул чыгарманы кош бойлуу кезимде угуп "талгак" болгон элем. Анан башкача вариантта аранжировка жасатып, ырдап чыктым. Төрөп, балам 3 айлык болгондо клип тарттыра баштадым. Бирок негедир менин уруксатымсыз, тартуу иштери, жадакалса монтаж иштери бүтө электе эле телевидениеге чыгып кетти. Мен ызылдап, кайра башынан тарттырдым. Ошол үчүн "Эмне үчүн эки варианты бар?" деп айтып калышат".
"Көпчүлүк ырчылар "сүйдүм, күйдүм, жетпей калдым" деп ырдаганы менен, аялзатынын жүрөгүндө катылып жаткан, кимдир бирөөнү жакшы көрүп, бирок айта албаган сезимдери тууралуу ырдашкан эмес. Ошол үчүн ушундай маанидеги ырларды издеп таап аткарам. Күйөрман кыздардын жүрөгүнөн түнөк тапканынын себеби да ошондо", - деп кошумчалады ырчы күлүп.
Нэнанын "Унчукпадың" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.