Милиция алдамчылыкка шектелген жарандарга издөө жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, укук коргоо кызматкерлерине М.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2015-жылы К.И. деген жаран ишенимине кирип, Мерседес-Бенц 211 үлгүсүндөгү автоунаасын 3 күнгө сурап кетип, 646 миң сомго сатып жибергени айтылган.
Ошондой эле 2015-жылдын август айында М.С. аттуу тургун Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда К.З. аттуу жарандын ишенимине кирип, Мерседес-Бенц 313 CDI Спринтер үлгүсүндөгү унаасын алып, ошол бойдон из жашырып кеткен.
2015-жылдын 1-декабрында М.Ч. аттуу жаран Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы конушунда С.М. аттуу тургундун Субару Легаси үлгүсүндөгү автоунаасын алдоо жолу алып, бербей келет.
Учурда жогорудагы адамдарга кылмыш иши козголуп, издөөгө алынышты.
Бишкек ШИИББи жогорудагы адамдар тууралуу маалымат билгендер болсо, 0554 102-147, 0554 102-148, 0550 102-238 номурларына кабарлап коюуну суранат.