Өзүн учак кырсыгынан жабыркагандардын тууганы катары тааныштырып, мейманканага жайгашып алган жаранга кылмыш иши козголду

Өзүн учак кырсыгынан жабыркагандардын тууганы катары тааныштырып, мейманканага жайгашып алган жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка каргаганда, 1991-жылы тулган Жети-Өгүз районунун К.Ш. аттуу тургуну өзүн учак кырсыгынан жабыркагандардын тууганы экенин айтып, "Семетей" мейманканасына жайгашып алган. Ошондой эле ага 2 миң сом жана жылуу кийимдер берилген. Андан сырткары өкмөттөн, президенттен компенсация алууга аракет кылган.

Буга чейин "Ош базарынын" айланасында күн кечирип келгени жана туруктуу жашаган жери жок экени аныкталган. Ага "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 2 айга тергөө абагына киргизилген.

Ал мейманканага барган журналисттерге ыйлап, эки карындашын жоготконун айтып берген. Жоругу билинген соң милицияга акча үчүн ушундай кадамга барганын билдирген.

Айта кетсек, 16-январь күнү эртең менен Гонконгдон келе жаткан учак "Манас" аэропортуна конордо кырсыкка учурап, Аэрофлот дачалык тилкесине кулап түшкөн. Ал кырсык 34 жергиликтүү тургундун жана 4 экипаж мүчөсүнүн өмүрүн алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (60)
bond02
2017-01-21 16:38:35
Эми жакшы мейманканага жайлашыптыр да улуу урматтуу алдамчы.
-1
nuriwka
2017-01-21 16:40:42
Самалеттон кулаган груздун ичи полный айфон,планшет, тефаль дейт. Ошол жерде куткарып иштегендер алып жыргады да. Анан ал товар А деген соз болууда... барбаганын себеби да ошол болушу мумкун
+6
madina.87
2017-01-21 17:07:21
Ар турдуу тагдыр бар.
Жыргаганынан ушул ишке барды дейсинерби?
Эл берген кийим-кече,элдин акчасы алса алыптыр.
Мамлекет берген жокко акыры.
Мындай мелоч менен элди алаксытпай андан коро тиги жук кимдики?!ошону тапкыла.
Анан озунор уурдаган айфондорду сатып акчасын ушундай кедей кембагалдарга садака кылгыла.
Баарибир буйрубайт ал милицияларга!!!
+10
daiyrbek01
2017-01-21 17:24:06
Мунун видиосун корсон ыйлап отуратко апам олду иним олду деп
-4
azamat.k
2017-01-21 19:09:51
Кичине иш учун кармапсынар,кыйын кармасанар самолеттогу жукту аныктагылачы.
+2
Asmera.
2017-01-21 20:46:10
Видеосу каерде экен,кантип корсом болот
-1
gutler
2017-01-21 21:06:09
Элди алдаганы уят. Бирок ал бул нерсеге чондорго окшоп жыргагандан барган жокда. Жок болсо, жокчулук ар нерсеге алып барат. Эми жатса бир- эки кун жатыптыр, Берген тамагын жептир. Эч нерсе эмес, сообу тийсин бергендерге. 2000сом алса, ал 2000доллар эмес. Ошол болор болбосо нерсеге жигитти камап убалына калбай эле, штраф салып какус- кукус кылып кое берсе болот. Андан коро чон -чон жеп койгондорду камашса, Эл учун чон сооп иш болмок.
+2
tynchtyk93
2017-01-21 21:07:36
Каяктагы жыргалды айтып жатасынар айфон эмес алтын таап алса деле бул жерде адам олуп жататго
+2
ayjan_90
2017-01-21 21:41:07
Кичине уялсанар боло как буто оздорунун чонтогунон акчалары кетип аткансып эми муктаж болгонунан калп айтыптырда ал бала да толтура телефондорду милициялар терип алыштыго бир да койбой буга эмне дейсинер жана Ким жооп берет бизде карга карганын козун чукубайт деген макал чын экен закон байкуш карапайым элдерге гана иштейт а чондорго иштебейт
+4
israil
2017-01-21 22:02:44
Камаш керек алдамчыны.
-3
Nazaralikarakulja
2017-01-21 22:57:10
Мээси жайында эмес окшойт
0
Ronni7
2017-01-22 00:10:17
Биякта баары эле боорукер болуп кеткенго койберсин деп. Мындайлар ды соттоп эсине келтириш керек. Баары болгон акчасын берип атса бул алдап акча алганы журот
0
ju0708
2017-01-22 00:29:29
Алты саны аман.иштеп турган убагы. ушундай жаштар ушундайга барганы уят майыптар деле Аллаха шугур кылып иштеп журушот колунан келгенин
0
nurkojo
2017-01-22 11:39:55
Ким кырсык болгон жерге жардам берген болсо, берген акчанардан кийиминерден ушул бала алыптыр дейли силер ыраазы элесинерби? 1000 адам 2 сомдон берген акча экен.... Ансыз деле канча адамга уят кылды журналисттер видеолору мн... Омур бою журогуно пешенесине дак жара болуп калат бул балага... Кое бериш керек жазасын алды....
0
sgushenka
2017-01-22 12:14:13
Колун бутун жайында экен иштебейсинби нары бети жок! Жалкоолугундан ушундай кунго калгансында. ТВдан коруп жиним бир кайнады. Ушудан коро добровольно кырсык болгон жерге барып жардам берсенда курсагын тоймок, эркек болбой кал.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан