22-январда Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде Кыргыз Республикасында жана Казакстанда Инстаграмдагы популярдуу инсандардын башын бириктирген "Like show" фестивалы болуп өттү. Ага Данияр Токтомаметов (MC Doncha), Айжан Асемова, Эльдана Сатыбалдиева, ырчылар Айымжан, Баястан жана казакстандык вайнерлер катышышты. Анда интернет жылдыздары күйөрмандарына кантип популярдуу болгонун, эмне менен алектенерин айтып өтүштү.
Баракчасына 500 миңден ашуун колдонуучу катталган Айжан Асемова сахнага алгачкы жолу чыгып жатканын айтып, кичинесинде ырчы болууну кыялданганын, популярдуу болууга умтулбаганын айтып, өзүн жылдыз эмес, катардагы жөнөкөй эле кыздардай сезерин айтып өттү.
Интернетте тамашалуу образы, видеолору менен белгилүү Эльдана Сатыбалдиева моданын артынан кууп жашоо маанилүү эмес дейт. "Мага дайыма "Мен кантип жылдыз болом? Мен кантип атактуу болом?" деген суроолор көп келет. Адамдын өзүн эле ойлогону туура эмес. Баарын чын жүрөктөн жасагыла, аны эл да сезип, сиздерге тартылат. Моданын артынан куубай, өзүңөр мода болчу нерсени жараткыла", - деген пикирин билдирди Э.Сатыбалдиева. Фестивалдын соңунда катышуучулар эстеликке сүрөткө түшүп, кызыктырган суроолорго жооп алышты.