ЖЫЛНААМА, 23-ЯНВАРЬ: Мыкы атка конгон күлкү жаратуучу Мыктыбек Мукаев туулган күнүн учакта тосту

Бүгүн, 23-январда жаш стендапчы, "Тамашоунун" оюнчусу, "Жарайт Сity" долбоорунун актёру Мыктыбек Мукаев 23 жашка толду. Күлкү жаратуучуну туулган күнү менен куттуктап чалсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын айтып, бүгүн таңга маал командасы менен бирге Сочи шаарынан учуп келгендигин билдирди.

"Туулган күнүмдү учактан тостум (күлүп). Бүгүн эртең менен саат 4төрдө командабыз менен Сочи шаарынан учуп келдик. Андыктан өздүк майрамым менен биринчи болуп командалаш досторум, "Позитиффтин" оюнчулары куттукташты", - деди ал.

Эскерте кетсек, жакында Орусиянын Сочи шаарында "КиВиН-2017" 28-Эл аралык фестивалы өтүп, ага "Позитифф" командасынын оюнчулары катышышкан.

М.Мукаев 1994-жылы 23-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин машина куруу факультетин аяктаган. Ал ТНТ каналындагы "Камеди баттл" шоусунун жарым финалына жейин жетип, калың элге таанылган.

23-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aitunuk
2017-01-23 19:35:14
"Күлкү жаратуучу" деген ким? Жөн эле "тамашачы" десек болбойбу... "Боёкчу боёкчу десе, сакалын кошо боёптур" болуунун зарылы барбы? Профессионал адис "Орфографиялык сөздүккө" кирген, адабий нормага туура келген гана сөздөрдү колдонушу керек жана милдеттүү, сабатсыздыкты күчөтпөй.
-1
Мэри
2017-01-24 10:09:26
Албетте, болот, бирок сиз "күлкү жаратуучу" дегенди да кабыл ала бериңиз да, "жаңы сөз" катары. Ушундай жол менен тилдик корубуз байып турат го, ансыз деле күн сайын, саат сайын башка тилдерден канча сөздү кабыл алып жатпайбызбы, ага караганда бул өз тилибиздеги сөз го (сөз айкашы). Эгер орфографиялык сөздүккө кирбеген болсо, ага киргизип, толуктап кайра чыгарып, колдоно бергенге неге болбосун...
0
kyzburak87
2017-01-24 12:08:44
Мэри,кантип кабар жанылыктар адабий тилинде жазылганга не жетсин. Киргизип толуктай берип мааниси озгоруп кетпейби же ошондо биз накта киргиз болобуз дегени турасынбы
0
Мэри
2017-01-24 12:35:52
kyzburak87, сиздин оюңузча, "күлкү жаратуучу" деген адабий тилде жазылган эмеспи, же кабыл алынган же диалектилик сөзгө окшоп жатабы...
0
kyzburak87
2017-01-24 14:08:31
Мэри, Айтунук деген колдонуучу тууру эле билдируу калтырган кабыл ала бериниз да деп Кош конул карап жатканыныздан айтканым да кыргыз улутубузду бат эле киргизге айландырып албайбыз бы кандай карайсыз
0
Мэри
2017-01-24 14:51:19
kyzburak87, "киргизге" айлангыдай бул туура эмес,маанисиз, орусча же жагымсыз сөз болуп жатабы? Татынакай эле, түшүнүктүү болуп турат го, менимче. Сөздүк корубуз дагы бир сөз менен толукталды деп кабыл алсак болбойбу?Коом өнүгүп турат,аны менен кошо тил да өнүгүп, өсүп, анда ар кандай процесстер болуп турат го.Ошондуктан жогорудагы сөздү жаңы вариант,б.а. синоним катары колдонууга киргизип алсак жаманбы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан