Ноокен районунда тургун "агасын бычактап өлтүрдү" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-январь күнү саат 15:00дө эки бир тууган арак ичип отуруп сөз талашып кетишкен. Андан соң иниси бычак менен 35 жаштагы агасын сайып салган. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза тапкан. Учурда "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.