Эки кыргыз тасмасы Францияда өтө турган Азия кинофестивалына катышат

Адилет Каржоев режиссёрлук кылган "Рахмат, доктор!" жана Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы Францияда өтө турган Азия кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргыз кинематография департаментинин расмий сайтында маалымдалат.

"Азия киносунун Эл аралык фестивалы Франциянын Везуль шаарында өтөт. Анда жыл сайын 7 номинация боюнча 90 тасма тандалып алынат. Бул жылы фестивалга эки кыргыз тасмасы катышат", - деп айтылат маалыматта.

Азия киносунун Эл аралык фестивалы 1995-жылы негизделген. Жыл сайын ага 30 миңден ашуун көрүүчү катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан