Мындан 16 жыл мурун, 2001-жыл 23-январда Кытайдын борбору Пекиндин "Тяньаньмэнь" аянтында Кайфын шаардык округунан келген 4 аял жана 1 эркек бийликке каршылыгын көрсөтүп, өздөрүн бензин куюп өрттөп жиберишкен. Жыйынтыгында эки киши каза болуп, үчөө ар кандай даражадагы күйүктөрдү алышкан. Каршылык кыймылы 1999-жылдын 22-июлунан бери Кытай Элдик Республикасында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Фалуньгун сектасынын мүчөлөрү тарабынан уюштурулган.
23-январга карата жылнаама.