Санкт-Петербургда Кыргыз жараны бычакталып, ооруканага түштү

Санкт-Петербургда Кыргыз жараны бычакталып, ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, окуя 23-январга караган түнү Санкт-Петербургдагы азык-түлүк саткан дүкөндүн жанында болгон. Анда 22 жаштагы Ч.М. аттуу Кыргыз жаранын белгисиз адам бычак менен сайып, из жашырып кеткен. Ушул тапта жабырлануучу ооруканада. Анын көкүрөгүндө жана ичинде бычактан алган жарааты бар. Азырынча абалы оор бойдон калууда. Ал эми полиция окуянын келип чыгуу себептерин тактап жатат. Ошондой эле кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sezim.A
2017-01-23 16:34:52
Аллахым шыпаасын берсин!
+4
DNurgiza
2017-01-23 16:49:51
Ким болду экен...кыргыз улуту болуп чыгып калмай эле.....айыгып кетсе экен эртерээк......
+2
farida.kg.1991
2017-01-23 17:43:36
ким болду экен.
+1
Sema87
2017-01-23 17:52:44
Орусиянын полициясы эч качан орус жараны жаралаган болсо чыгарбайт бир байкуш азиатка жуктоп коюшат
+2
Nazikbaigazy
2017-01-23 18:12:53
Не болду питреликтерге бат баттан эле бычакташып кудайым озун колдой кор
+2
arzygulR
2017-01-23 18:31:23
Айыгып кетсин тезирээк
Озум деле Питердемин эмне болду чын эле Питердегилер коп чыгып калды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан