Кара-Суу районунун Шарк айылындагы Маданият үйүндө авиакырсыктан жабыркагандар үчүн чогултулуп жаткан акча уурдалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Анын айтымында, 22-январга караган түнү чогулган 30 миң сом жана Маданият үйүндө иштеген сүрөтчүнүн ноутбугу уурдалган. Бул боюнча айыл өкмөттүн кызматкерлери арыз менен милицияга кайрылышкан.
Азыркы учурда уурулукка шектелген жаран изделүүдө.