Кыргызстандын Суперкубогун “Дордой” футбол командасы утуп кетти

27-апрелде борбор шаардагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогу үчүн мелдеш өттү. Мелдештин финалында футбол боюнча Кыргызстандын 2012-жылдагы чемпиону, бишкектик “Дордой” командасы менен “Алга” командасы беттешти. Оюн 3:2 эсеби менен жыйынтыкталып, “Дордой” командасы жеңүүчү болду. Оюнда "Дордой" командасынан Мирлан Мурзаев 2, Дэвид Тетте 1 гол киргизсе, “Алга” командасынан Артём Муладжанов менен Артур Муладжанов 1ден гол жаратышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан