Бүгүн, 23-январда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кыргыздын таланттуу кызы, атактуу балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы жана анын атын алып жүргөн Маданият жана искусство университетинин 50 жылдык мааракеси белгиленди. Ага чакырылган коноктор, мугалимдер, студенттер катышты. Алгач Бүбүсара Бейшеналиева жөнүндө даректүү тасма көрсөтүлдү. Андан соң залкарлар Чыңгыз Айтматов, Насыр Давлеcов, Калый Молдобасанов, Асанкан Жумакматов, Чолпонбек Базарбаевдин балерина жөнүндө айтылган сөздөрү жаңырды.
Кечеде алып баруучулук тизгинди Чыңгыз Мырзаев менен Асел Турдалиева аркалады. Ошондой эле бул күнү жогоруда аталган окуу жайдын бир нече окутуучуларына Ардак грамоталар тапшырылып, анда билим алган таланттуу чыгармачыл инсандардын катышуусунда концерттик программа тартууланды. Ырчылар Гүлнара Тойгонбаева, Динара Акулова, Асел Турдалиева, Султан Садыралиев жана башка кыргыз, казак таланттары өнөрлөрүн көрсөтүштү.