Кара-Суу районунда "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөсү" делген тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-январда Кара-Суу районунун 34 жаштагы А.Ш. аттуу жараны кармалган. Жашаган жери тинтүүгө алынып, көп DVD-диск табылган. Технологиялык экспертиза "дискте экстремисттик чакырыкты камтыган маалыматтар бар" деп тастыктаган. УКМК экспертизанын жыйынтыгына таянып, “экстремисттик материалдарды сактоо” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Тинтүү учурунда “Бир дүйнө” уюмуна тиешелүү материалдар дагы табылганын кошумчалаган УКМК.