Мындан 93 жыл мурун, 1924-жылы 24-январда Франциянын Шамони шаарында Эл аралык олимпиадалык комитеттин колдоосу менен спорт боюнча эл аралык жумалык өткөн. Анда спорттун кышкы түрлөрү боюнча оюндар өткөрүлүп, көп өтпөй ал жумалык "Алгачкы Кышкы Олимпиада оюндары" деп аталып калган. Спорттук оюндарга 16 мамлекеттен (Австрия, Бельгия, Канада, Чехословакия, Финляндия, Франция, Улуу Британия, Венгрия, Италия, Латвия, Норвегия, Польша, Швеция, Швейцария, АКШ, Югославия) келген 293 спортчу катышкан. Алардын 13ү аялдар болгон. Аталган иш-чаранын программасына лыжа спорту, муз үстүндөгү бий, ылдамдыкка чуркоо жана хоккей кирген.
Кышкы олимпиадалык оюндар - спорттун кышкы түрлөрү боюнча эң ири эл аралык жарыш. Ал Эл аралык олимпиадалык комитеттин колдоосу менен 4 жылда бир өткөрүлүп келет.