Токмокто окуучуну унаасы менен сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 20-январь күнү саат 14:20 чамасында Горький көчөсүндө болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен 2009-жылы туулган Х.М. аттуу окуучу кызды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Жабыркаган окуучу ооруканага жеткирилген.
Жол кырсыгы боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, 26 жаштагы М.А. аттуу айдоочу кармалды. Учурда унаа айып жайга киргизилип, топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.