Ырчы Назира Кадыева "Эсиңдеби?" клибин 6 айдан ашуун убакытта тартып, бир топ кыйынчылыктар, кызыктар менен коштолгонун жана съёмка үчүн арыктаганын айтат.
"Алгач клип аркылуу үйлөнүү той, ага келбей койгон күйөө жолдошту көрсөтүп бермек элек. Абдан жакшы кадрлар алынган, бирок андагы кадрлар мага жакпай, баарын кайра башынан тартууну чечтик. Себеби ал кезде толук болчумун, эл да мени жакшы тааный элек эле. Андыктан клип үчүн диета кармап, бир топ арыктагам", - дейт Назира Кадыева.
Ырчы клип тартууга даярданып жүрүп күтүүсүздөн ооруп калган.
"Режиссёр ишемби күнү эртең менен съёмка башталарын айтып калды. Анан мен сулуулук салонуна барып, макияж жасатып жаткан элем. Бир маалда чачымды жасата турган учурда өзүмдү жаман сезип баштадым. Анан мени дароо ооруканага алып жөнөштү. Ооруканада операция бөлмөсүндө жатып, дарыгерлердин "Бул кыз фотомоделби, байкушту эмне мынча боёп салышкан?" деген сөздөрүн угуп жаттым. Азыр баарын эстеп күлкүм келет. Ооруканадан чыгып, өзүмө келгиче 1-2 ай өтүп кетти. Кийин тартып бүткөнбүз. Жыйынтыгы жаман болгон жок".
Назира Кадыеванын "Эсиңдеби?" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.