27-апрелде Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында бильярддын эркин пирамида түрү боюнча эл аралык мелдеш башталган. Анда кыргызстандык Ызатбек Раатбеков беларустук спортчу менен беттешип, 4:5 эсебинде утулуп, андан соң 3 ирет орусиялык спортчуларды утуп алган. Жарым финалга өтүүчү мелдеште Раатбеков 2:5 эсебинде орусиялык атаандашына уттуруп койду. Мындан башка мекендештерибиз Улукман Карагулов менен Дастан Лепшаков ийгиликтүү оюн көрсөтө албай мелдештин жарым финалына өтө алышкан эмес. Айта кетсек, бул бильярд таймашында 5 өлкөнүн 18 жашка чейинки 52 спортчусу ат салышууда. Мелдеш бүгүн, 29-апрелде соңуна чыкмакчы.