Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев Москва шаарында жашап, иштеп жүргөн Кыргыз жарандарына кайрылуу жасады. Анда болжол менен 19-25 жаштагы кыз-жигит "батир же бөлмө ижарага алабыз" деп кыргыздар жашаган батирлерге киришип, жарандардын баалуу буюмдарын, акчаларын, документтерин уурдап кетип жатышканы айтылат.
"Баланын бою 1 метр 70 сантиметр, кара тору. Ал эми кыздын бою 1 метр 65 сантиметр, ак жуумал. Эгерде ким жогорудагы кыз-жигиттен жабыр тартса, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө арыз менен кайрылса болот", - дейт Алиев.