Мындан 79 жыл мурун, 1938-жылы 25-январда белгилүү советтик акын, актёр, өзү жараткан ырлардын аткаруучусу, прозалык чыгармалардын автору Владимир Высоцкий Москва шаарында төрөлгөн. Ал таланттуу артист эле эмес, советтик режимдин ачык сынчыларынын бири болгон. Ошол режимден запкы көргөн бүтүндөй бир муундун сезимдерин күчтүү, кээде какшык менен жазылган ырлары аркылуу көрсөткөн.
Кичинесинен эле музыка, театрга жакын Владимир Таганкадагы театрда өмүрүнүн аягына чейин иштеген. Уильям Шекспирдин "Гамлетин" ойногону ага сынчылардын жогорку баасын алып келген. Высоцкий ондогон кинотасмаларда да ойногон. Мисалга алсак, "Жолугушуу ордун өзгөртүүгө болбойт", "Кичинекей кайгылар", "Интервенция", "Түнт токойдун кожоюну", "Вертикаль", "Кыска жолугушуулар", "Жаман-жакшы адам" жана башка фильмдерде ролдорду жараткан.
25-январга карата жылнаама.