Терроризмди каржылоо максатында жасалма чет элдик валюта чыгаруу жана аны сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-январь күнү Чүй облусунун аймагынан У.Ж.М. жана К.Ы.Ш. аттуу эки жаран кармалган. Алардын жанынан 56 миң АКШ доллары табылган. Ал акча каражаттары өлкө аймагына Түркиядан алынып келингени жана жасалма экени аныкталган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.
Оперативдүү маалыматтар боюнча, жасалма акчанын өлкөгө киришине Стамбулда жүргөн Мансур Суванов жана Ильяз Сабировдун катыштыгы бар. Сабиров 2016-жылдын 30-августундагы Бишкектеги Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелип, эл аралык издөөгө алынган.