Бишкектеги жол кырсыгынан эки жөө адам жабыркады

Бишкектеги жол кырсыгынан эки жөө жүрүүчү жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы 24-январь күнү саат 18:30да Айтматов көчөсү менен Горький көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда 26 жаштагы айдоочу Тойота Эстима үлгүсүндөгү автоунаасы менен 40 жаштагы М.Г. жана 27 жаштагы М.Г. аттуу шаар тургундарын сүзүп кеткен. Натыйжада алардын баш мээси чайкалып, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылышкан. Ал эми айдоочунун автоунаасы айып жайга токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан