ЖЫЛНААМА, 25-ЯНВАРЬ: КРнын Эмгек сиңирген артисти Султан Каримов туулган күн ал үчүн чоң майрам эмес экенин айтат

Бүгүн, 25-январда "Иттипак" уйгурлардын коомдук бирикмесинин маданият бөлүмүнүн жетекчиси, "Достук" ансамблинин солисти, КРнын Эмгек сиңирген артисти Султан Каримов 58 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышсак, учурда чыгармачылык менен алектенип жатканын айтты.

"Өздүк майрамыма карата көптөгөн каалоо-тилектер айтылууда, куттуктоолорду кабыл алып жатам. Жыл айланып туулган күнүбүз келген сайын жашыбыз дагы өтө берет. Туулган күндү белгилөөгө анчалык маани бербейм, мен үчүн чоң майрам эмес. Башкысы, элибизде аманчылык болсун", - деп билдирди.

Ырчы 1959-жылы 25-январда Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айылында туулган. Султан Каримовду концерттердин биринде кыргыз эстрадасында өчпөс изи бар улуу инсан Чоро Кожомжаров байкап, ансамблге солист катары чакырган. Ошол убактан тартып филармониянын сахнасында анын чыгармачылык жолу башталат. Чоро Кожомжаровдон кеткенден кийин "Ариет" жана башка топтордо ырдап, Европа, Азия, Африкадагы 27ден ашык өлкөлөрдү кыдырып келген. Султан Каримов көптөгөн сынак, фестивалдарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. Мисалга алсак, 2002-жылы Кореяда өткөн Эл аралык фестивалда күмүш кубокко арзыган.

25-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан