Бүгүн, 25-январда актриса Марал Койчукараева 27 жашка толду. Учурда баласын тарбиялап жаткан актрисага байланышып, өздүк майрамы менен куттуктадык.
"Азыр үйгө келе турган конокторду тосууга даярданып жатам. Кечинде курдаштарым менен чогуу өздүк майрамымды белгилейм. Бүгүн саат 00:00 болгондо эң биринчи болуп жолдошум куттуктап, мен көптөн бери күтүп жүргөн буюмду белек кылды. Эмне белек экендиги сыр бойдон калсын", - деди ал.
Белгилей кетсек, М.Койчукараева 1990-жылы 25-январда Ош шаарында туулган. 5 жыл мурун "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер актрисасы" деп табылган. Кыргыз-Түрк "Манас" университетине ветеринар адистиги боюнча тапшырып, аны менен катар кыргыз режиссёру Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" тасмасында Асел аттуу кыздын ролун жараткан. Бул ролу аркылуу актриса катары көпчүлүккө таанылган. Марал Койчукараева жана кесиптеши Атай Өмүрбеков ("Ээнсиреген үй" тасмасында Мараттын ролун жараткан) 2014-жылдын 14-апрель күнү расмий түрдө никеге турушкан.
25-январга карата жылнаама.