Каракол шаарында унаа токтоочу жайда бастырма кулап, 5 унаа зыянга учурады. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 24-январь күнү саат 14:38 чамасында болгон. Анда Кутманалиев көчөсүндөгү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын аймагында, унаа токтоочу жайда бастырма кулаган. Анын кесепетинен 5 унаа зыянга учураган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, кран менен бастырманы көтөрүшкөн.