"Оскар-2017" сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды

2017-жылы "Оскар" сыйлыгынын 89-сыйлык тапшыруу аземи 26-февралда "Долби" театрында өтөт. Ал эми бүгүн, 25-январда бул сыйлыкка талапкерлердин тизмеси жарыяланды.

Маалыматтарга караганда, "Мыкты актёр" сыйлыгына талапкерлер: Вигго Мортенсен ("Капитан Фантастик"), Райан Гослинг ("Ла-Ла Ленд"), Кейси Аффлек ("Деңиз жээгиндеги Манчестер"), Дензел Вашингтон ("Тосмолор"), Эндрю Гарфилд ("Абийир чечими").

"Экинчи пландагы мыкты актёр" сыйлыгына талапкерлер: Дев Патель ("Арстан"), Махершала Али ("Ай жарыгы"), Жефф Бриджес ("Кандай баа болбосун"), Майкл Шеннон "Түн жамынып", Лукас Хеджес ("Деңиз жээгиндеги Манчестер").

"Мыкты актриса" сыйлыгына талапкерлер: Натали Портман ("Жеки"), Эмма Стоун ("Ла-Ла Ленд"), Изабель Юппер ("Ал"), Мерил Стрип ("Флоренс Фостер Женкинс"), Рут Нега ("Сүйүү").

"Экинчи пландагы мыкты актриса" сыйлыгына талапкерлер: Николь Кидман ("Арстан"), Наоми Харрис ("Ай жарыгы"), Мишель Уильямс ("Деңиз жээгиндеги Манчестер"), Виола Дэвис ("Тосмолор"), Октавия Спенсер ("Жашыруун кишилер").

"Мыкты фильм" сыйлыгына талапкерлер: "Ла-Ла Ленд", "Арстан", "Ай жарыгы", "Кандай баа болбосун", "Деңиз жээгиндеги Манчестер", "Тосмолор", "Абийир чечими", "Келүү", "Жашыруун кишилер".

"Мыкты режиссёр" сыйлыгына талапкерлер: Дэмьен Шазелл ("Ла-Ла Ленд"), Барри Женкинс ("Ай жарыгы"), Кеннет Лонерган ("Деңиз жээгиндеги Манчестер"), Дени Вильнев ("Келүү"), Мел Гибсон ("Абийир чечими").

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Seryi-Kardinal
2017-01-25 18:39:43
Ла ла ленд утат
0
salimbek87.kg
2017-01-25 19:38:03
Кимиси алса чын журоктон бари бир .Лично мен учун кыргыз кинолору эн мыкты кино болуп кала берет.
0
heaven2016
2017-01-25 22:35:55
Ушу кино аттарын кыргызчаго которбой эле койсоңор жакшы болмок
0
Mir17
2017-01-25 23:12:30
heaven2016,Сенин Акылын жакшы элеби же оруп тура сынбы???????
0
admin_portal
2017-01-26 09:46:56
heaven2016, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан