Тоң районунда жол кырсыгы катталып, 10дон ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 25-январь күнү кечке маал Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 104-чакырымында болгон. Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа менен Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаалар бетме-бет сүзүшкөн. Анын кесепетинен 10дон ашык адам жаракат алган. Ал эми эки айдоочунун абалы оор.