Таразда досунун кичинекей эгиз кыздарына сексуалдык зомбулук көрсөтүп келген жаран 17 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда казакстандык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди 25-январь күнү Жамбыл облусунун райондор аралык соту чыгарган. Бирок айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган эмес.
"43 жаштагы айыпталуучу ыплас иштерин 5 жылдан бери жасап келген. Ал кыздардын атасы менен дос катары катышып, үйүнө байма-бай келип турчу. Мүмкүнчүлүк болуп калган учурда кыздарды ыплас иштерге мажбурлап, аларды видеого жана фотого тартып турган. Учурда кыздар 8 жашта, бирок ушул убакка чейин эч кимге айтышкан эмес. Болгону дос кызына айтып беришкен. Анан ал окуя тууралуу кыздардын ата-энесине айтып, иштин бети ачылган", - деп айтылат маалыматта.