Усэйн Болт "Пекин-2008" Олимпиадасында уткан алтын медалынан ажырап калды

Ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт жана анын улуттук курама командадагы командалаштары "Пекин-2008" Олимпиадасында 100 метр аралыкка эстафеталык чуркоодо уткан алтын медалдарынан ажыратылышты. Буга Ямайканын желеги астында чуркаган Неста Картердин организминен тыюу салынган каражат табылганы себеп. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Аталган мелдештин жыйынтыгы жокко чыгарылып, алтын медалдар Тринидад жана Тобаго өлкөсүнүн спортчуларына, күмүш медалдар япондук спринтерлерге жана коло байге бразилиялыктарга тапшырылат. Усэйн Болт аталган медалын тапшырууга даяр экендигин билдирди. Эми ал 9 жолку эмес, 8 жолку Олимпиада чемпиону болуп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Fantastika
2017-01-26 12:22:53
10 жылдан кийин ойгонушуптурда олим жамааты.
-1
rukopashnik
2017-01-26 13:30:04
кызыксыз
-1
chyngyz-40
2017-01-26 14:12:55
мен ушул нерсеге тушунбодум эмнеге коп жылдардан кийин анализ деген сразу чыкпайбы
-1
Bishkek.001
2017-01-26 16:57:59
Олимпиаданы да жойуп сала турган болуп калды
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан